Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Ысык-Көлдө жол кырсыгы көбөйдү

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кан жолдо жол коопсуздугун күзөткөн убактылуу бекеттер алынгандан бери жол кырсыгы кескин көбөйгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, 21-июлдан 16-августка чейин 68 жол кырсыгы катталды. Андан 17 адам ажал таап, 84 киши ар кандай жаракат алган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мырзабек Исмаилов туристтик сезондо Ысык-Көл облусу башталган кызыл көпүрөдөн тарта Ананьево айылына убактылуу 10 МАИ бекети коюлганын, бирок өкмөттүн тапшырмасы менен алардын баары кайра алынганын “Азаттыкка” билдирген болчу. (EBM)
XS
SM
MD
LG