Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Милдеттүү түрдө ВИЧке анализ алуу демилгеси көтөрүлүүдө


Республикалык СПИД борбору ооруканага түшкөн бардык бейтаптардан милдеттүү түрдө ВИЧ илдетине анализ алуу демилгесин көтөрүп чыкты. Аталган борбордун жетекчи орун басары Назарбек Мухаммеджановдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул демилге колдоого алынса анда жакынкы үч жылдын ичинде дагы 8-10 миңдей оорулуу аныкталат.

Азыр өлкөдө ВИЧ илдетин алып жүргөндөрдүн саны 4 миңге чамалайт. Августтун этек ченинде бул демилге боюнча тиешелүү министрлик-мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуу өтмөкчү.

Кыргызстанда буга чейин четте иштеп келген мигранттардан ВИЧке милдеттүү түрдө анализ алуу тууралуу сунуш чыккан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG