Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

Өкмөттүн Жалал-Аббадагы өкүлү дайындалды


Бүгүн премьер-министрдин буйругу менен Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Азизбек Турсунбаев ээлеген кызматынын бошотулуп, аталган облустагы өкмөттүн өкүлү болуп Жусубалы Төрөмаматов дайындалды.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Төрөмаматов буга чейин Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын Жалал-Абаддагы бөлүм башчысы болуп иштеп турган. Андан мурда Каржы полициясында жана ИИМде жетекчи кызматтарда турган.

Кечээ Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош жана Баткен облустарынын губернаторлору ээлеген кызматтарынан бошоп, өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кайрадан дайындалган болчу.

Буга чейин өкмөт губернатор институтун жоюу чечимин кабыл алган эле (EBM)

XS
SM
MD
LG