Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Казакстан: Тогуз “террорчу” жок кылынды


Казак коопсуздук күчтөрү 17-августа атайы операция өткөргөн жер.
Казак коопсуздук күчтөрү 17-августа атайы операция өткөргөн жер.
Казак бийликтеринин билдиргенине караганда, алар “террорчу” деп мүнөздөгөн тогуз адам бүгүн таңга маал Алматы шаарынан 15 чакырым аралыкта жайгашкан Тан кыштакчасындагы атайын операция учурунда жок кылынган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Нурдөөлөт Сүйүндүковдун айтымында, террорчу деп шектелгендер аларды колго түшүрүү үчүн барган коопсуздук күчтөргө ок ачкан. Атышуу учурунда жайкын тургундар жабыр тарткан эмес.

Прокуратура өкүлү белгилегендей, атайын операция учурунда жок кылынган тогуз адам апта башындагы Алматы облусундагы улуттук паркта 11 адамдын өлтүрүлүшүнө тиешеси жок. Бирок быйыл 11-июлда Тоошамалы деген кыштакта колго жасалып жаткан бомбанын капыстан жарылуусунан каза тапкан кишилерге байланышы бар. (UE)

XS
SM
MD
LG