Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Түрк ишкери: Бабановго күлүктү белекке берген эмесмин


Түркиялык СЕРКА компаниясынын башчысы Хункар Адалиники деген билдирүү бүгүн жергиликтүү маалымат агенттиктеринде жарыяланды.

Анда түрк ишкери быйыл 1-майда Бишкекте өткөн мелдешке өз күлүгүн алып келгенин ырастап, жарышта өзү эмес уулу болгонун, аты баш байгени албай калганын белгилеген.

Ал билдирүүсүндө ошондой эле ат чабышка чейин жана андан кийин кыргызстандык ат сүйүүчүлөрдөн кызыгуу чоң болгондуктан, күлүгүн адегенде белек катары берүүнү көздөгөнүн, бирок кыргыз тарап алуудан баштарткандан кийин тукуму Кыргызстанда жок атты Өмүрбек Бабановго сатууну чечкенин ырастайт.

Апта башында “Ата Мекен” фракциясы премьер-министрди “Манас” аэропортунда курулуш жүргүзүү укугуна ээ болгон түрк компаниясынын башчысынан кымбат баалуу күлүк атты пара катары алды деп айыптаган. Күлүктү 20 миң долларга эле сатып алганын айткан премьер-министр айыпты четке каккан.

Түрк компаниясы жана «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы тендерди кыргыз өкмөтү эмес, курулушту каржылаган АКШ өкмөтү өткөргөнүн билдиришкен. (UE)

XS
SM
MD
LG