Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Түп райсотунун төрагасы пара менен кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 14-августта Чолпон-Ата шаарынын тургуну анын пайдасына өкүм чыгарып берүү үчүн райондук соттун төрагасы 25 миң сом сурап жатканын айтып милицияга кайрылган. Атайын операциянын негизинде кармалган соттун төрагасынын иш бөлмосүндөгү сейфтен ири өлчөмдө акча чыккан. Тактап айтканда, 3 миллионго жакын сом, 18 миң рубль, 6 миңден ашык доллар жана 900 евро табылган. Учурда облустук милиция бул акчалардын кайдан алынганын да териштирип жатат.

Буга чейин Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук соттун төрагасынын милдетин аткаруучу жана Таш-Көмүр шаардык соттун төрагасы да пара менен колго түшкөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG