Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

“Ата Мекен” фракциясы президентке кайрылды


Фракциянын президентке жолдогон бүгүнкү кайрылуусунда өлкөдөгү соңку окуялар мамлекет башчысынын да көңүл буруусун талап кылары айтылат.

“Ата Мекен” фракциясынын ырастоосунда, премьер-министр Өмүрбек Бабановго таандык делген НТС телеканалынын учурдагы “редакциялык саясаты коомдо кооптуу жагдай жаратууда”. Кайрылууда белгиленгендей, аталган телеканал аркылуу борбордогу “№1 СИЗОдо олтурган Абдулла Юсупов менен маектин кайра-кайра көрсөтүлүшү, такталбаган, текшерилбеген маалыматтардын берилиши 7-апрель ыңкылабынан максатын жокко чыгарууда”.

Абакта олтурган Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрү тартылган видеотасма ушул шаршембиде, адегенде “Республика” фракциясынын жыйынында каралган болчу. Анда тасмадагы адам 7-апрель ыңкылабын коштогон талап-тоноочулук “Ата Мекен” партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаевдин, Райкан Төлөгөновдун, Туратбек Мадылбековдун буйруктары менен жасалганын айтат.

Соңку эки-үч күндөн бери коалициялык өкмөткө кирген “Ата Мекен” жана “Республика” фракциялары ортосунда компроматтар согушу жүрүп жатканы даана байкалууда. Бул “Ата Мекен” фракциясы премьер-министрди коррупция боюнча айыптап, кызматтан кетүүсүн талап кылгандан кийин башталды.(UE)

XS
SM
MD
LG