Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Сирия боюнча жыйын болбой калды


Сирия боюнча аракеттенүү тобунун бүгүнкүгө белгиленген жыйыны аны өткөрүүгө демилгечи болгон Орусия менен Батыш өлкөлөрү катышуудан баш тарткан соң кийинкиге калтырды. Орус расмий өкүлдөрү жыйын эми кайсыл күнгө белгиленерин айтыша элек.

Москва бул жыйын Сирия өкмөтү менен оппозициясына урушту токтотуусу үчүн мөөнөт чектеген билдирүү кабыл алуусун күтүп жаткан.

Бүгүнкүгө белгиленген жыйынды утурлай АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Нуланд Вашингтон чогулгудай жүйөө көрбөй турганын билдирген.

Кытай менен катар Орусия буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия президенти Башар Асаддын режимин айыптап, ага каршы санкция киргизилерин эскерткен үч резолюциясына вето салган эле.

Кечээ БУУ өзүнүн Сириядагы байкоочулар миссиясынын ишин токтотуу чечимине келген. (UE)

XS
SM
MD
LG