Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Өкмөт башчы талап-тонолгон делген мүлктү табууну тапшырды


Кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов 18-августта күч органдары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Бабанов ММК аркылуу тергөө абагындагы камалгандардын берип жаткан көрсөтмөлөрү боюнча ар бир органга тиешелүү милдеттерин аткаруусун тапшырды.

Башкы прокуратурага ИИМ, УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен бирдикте ведомстволор аралык ыкчам тергөө тобун түзүп, мүлктү басып алуу фактыларын териштирүүнү сунуштады. Ошондой эле камактагылардын көрсөтмөсүндө айтылып жаткан кылмыш иштеринин мыйзамдуу жана негиздүү экендигин текшерүү да сунушталды.

Калган үч орган апрель окуясынан кийин таланган мүлктөрдүн жайгашкан жерин аныктоо боюнча милдеттендирилди.

Өмүрбек Бабанов “Камалгандар парламенттин бир фракциясынын айрым мүчөлөрүнүн 7-апрелдеги окуядан кийинки кылмышка тиешеси бар экенин айтып жатат. Кыргызстандыктар Бакиевдин режимине каршы күрөшүп, 80 адам окко учканда уурулук кылып, мүлктү каттатып жүргөндөр бүгүн депутат болуп Жогорку Кеңеште отурушат” деди жыйында.

Бир нече күн мурун апрель окуясы учурунда талап-тоноочулукта айыпталып №1 тергөө абагында отурган Абдул Юсупов жана башка да кылмышка шектелип жаткандар “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттары аталган кылмышка тиешеси бар экенин ММК аркылуу айтышкан болчу. (AKu)

XS
SM
MD
LG