Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Бишкекте кытай сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылат


Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде 23-августта Кытайдын жаңы доордогу сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылат. Анда Батыштагы Сиху көлүнүн эл аралык сүрөтчүлөр ассоциациясына кирген, Кытайдын живописинде таасирдүү деп эсептелген 30дан ашуун кытай сүрөтчүсү 100дөн ашуун эмгекти тартуулашат.

Көбүнесе өлкөнүн пейзажын чагылдырган, андан сырткары каллиграфия, портрет ж.б. тематикадагы сүрөттөр да коюлат.

“Борбор Азиядагы Сиху көлүн тартабыз” деп аталган көргөзмө Кытай Эл Республикасы менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгына арналып уюштурулууда. Ал 28-августка чейин уланат. (AKu)

XS
SM
MD
LG