Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Бишкекте Казакстандын маданият күндөрү өтөт

Кыргызстанда өтө турган казак маданиятынын күңдөрүнө байланыштуу Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинин фондундагы сүрөттөр көргөзмөгө коюлат.

Казакстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн 18 сүрөтүн 21-августтан 4-сентябрга чейин көрүүгө болот.

Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгы жана Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга боло турган сапарына байланыштуу Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү 22-августтан 22-сентябрга чейин өтөт. Анын ачылышында жана акыркы күнү Казакстандын белгилүү маданият кызматкерлери концерт берет.

Андан сырткары театралдык гастроль, көргөзмөлөр, кинофестиваль уюштурулууда. (AKu)
XS
SM
MD
LG