АКШнын Лос-Анжелес шаарында дарылоо максатында марихуана тараткан уюм шаардык бийликтин марихуана саткан жайларды жабуу тууралуу токтомуна сот аркылуу каршы чыгат.
Patient Care Alliance уюмунун билдиришинче, такай марихуана колдонуу көрсөтүлгөн бейтаптардын укугу Калифорния штатынын атайын мыйзамы менен корголот.
Шаар бийлиги июлдун аягында кылмыштуулуктун көбөйүшүнөн улам марихуана саткан жайларды жабуу чечимин кабыл алган. Уюмдун өкүлдөрү жергиликтүү бийликтин бул чечимин ырайымсыз деп баалашат.
Аны саткандар болсо токтомду жокко чыгаруу үчүн референдум өткөрүүгө кол топтой башташты. (AKu)