Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

«Грузин кыялы»: банк эсебин өкмөт кагып алды


Грузиядагы оппозициячыл «Грузин кыялы» коалициядагы мүчө-партиялардын банк эсептеринен бийликтер 60 миң долларды мамлекеттик бюжетке буруп жибергендигин коалицияга кирген Демократиялык партиянын өкүлү Нодар Хадури маалымдады. Президент Михаил Саакашвилинин өкмөтү шайлоону мыйзамсыз каржылаган деген кине менен «Грузин кыялына» салынган бир жарым миллион доллар айыпты төлөттүрүп алуунун аракетинде болууда.

«Грузин кыялынын» жетекчиси Бидзина Иванашвилини колдогон АКШдагы коомчулук менен байланыш фирмасы грузин өкмөтүн коалицияга кирген бардык алты партиянын банк эсептерин какшытып, октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата түшкөн бардык кошумчаларды тартып алды деп айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG