Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Орус чиркөөсү Пуси Райоттун мүчөлөрүнө кечирим берүүнү суранды


Орусиянын славян чиркөөсү Пуси Райот музыкалык тобунун үч мүчөсүнүн күнөөсүн кечүүгө чакырды. Феврал айында Президент Владимир Путинди сындап, Маскөөдөгү чиркөөдө ырдап чыкканы үчүн Пуси Райоттун үч аткаруучусу кечээ эки жылга кесилди.

Сот чечимин АКШ жана Европа Биримдиги да сынга алды. Бир катар шаарларда, aнын ичинде Бишкекте нааразылык акциялары өтүүдө. Анын ичинде Бишкекте бүгүн Орусия элчилигинин алдында кыргызстандык феминисттик уюмдун мүчөлөрү жана укук коргоочулар каршылык акциясына чыгышты.

“Бишкек феминистик демилге SQ” уюмунун лидери Галина Соколова бул кыздар ыры менен Орусияда бийлик менен диндин биригип кетишине каршылыгын билдиргиси келгендигин белгиледи.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков президент Путин соттун ишине кийлигише албай турандыгын айтып, сот чечимине комментарий берүүдөн баш тартты. “Эл аралык Мунапыс” уюму сот чечимин “Орусиядагы сөз эркиндигине урулган оор сокку” деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG