Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө шаар бийликтери өлкөгө көзгө басар бир медал алып келген Мавзуна Чориевага үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырышты. 19 жаштагы боксер олимпиадалык жеңил салмактагы аялдардын жарым финалында ирландиялык Кэти Тейлорду жеңип, коло медал утуп алган эле. Чориевага ачкыч бейшембиде Дүйшөмбүдөгү борбордук паркта Лондон Олимпиадасына катышкан 16 спортчуга арналган чоң салтанатта тапшырылды. Чориевага ошондой эле өлкө президентинен 42 миң доллар накталай акча, жеке менчик Ориент Банктан Лехсус унаасы жана Дүйшөмбү менен өзү туулган Кулябда дагы эки батир убада кылынган.