Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Ысык-Көлдө Балыкчы-Чолпон-Ата жолу тосулду


Бүгүн Ысык-Көлдүн Кош-Көл айылынын тургундары Балыкчы-Чолпон-Ата жолун тосушту. Аталган айылдын тургуну Бактыгүл Самуратованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жол тосууга мурда күнү кечинде бир адамды өлүмгө алып келген жол кырсыгына шектүү делип кармалган айдоочуну милиция кайра коё бериши себеп болгон. Анын айтымында, 17-августтун кечинде жол четинде токтоп турган Ауди унаасын Лексус унаасы коюп кеткен. Натыйжада Аудинин катуу жараат алган айдоочусу, 30 жаштагы Төлөсүн Оморбаев ооруканада төрт сааттан кийин жан берген. Лексустун айдоочусу мас абалында болгону айтылууда.

Айыл тургуну Бактыгүл Самуратова бул окуянын калыс иликтенишин талап кылып, жол тосууга чыккандардын саны 300 чакты экенин кошумчалады.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Матмусаев болсо жол тосууга 200 чакты адам чыкканын, алар менен милиция, жергиликтүү бийлик башчылары сүйлөшкөн соң чогулган эл тараганын жана 15 мүнөттөй тосулган жол кайра ачылганын "Азаттыкка" билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG