Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Пакистанда жети согушкер өлтүрүлдү


Пакистандын чалгын кызматтары билдиргендей, бүгүн эртең менен Ооганстан менен чек арага жакын жердеги Түндүк Вазиристанда АКШнын пилотсуз чалгын учагынан атылган ракеталардан жети пакистандык талип согушкери жок кылынды. Кызматтын маалыматы боюнча, дрон пакистандык талип кор башчысы Хафиз Гүл Бахадур үстөмдүк кылган Мана аймагында бараткан эки унааны аткылаган.

Кечээ америкалык дрондун чабуулунда ушул эле аймакта Бахадурдун тобуна кирет деп саналган беш согушкер өлтүрүлгөнү кабарланган эле. Ооганстанда бүгүн орозо айтта Лашкар Гах шаарындагы көрүстөнгө куран окутканы келген эки киши да кычыкта катылган бомба жарылганда ажал тапты.

XS
SM
MD
LG