Орусиянын Түндүк Кавказ аймагындагы Ингушетия жумуриятында кечээ набыт болгон кесиптешин көмүүгө барган тартип коргоочулар бүгүн эртең менен өлтүрүлдү. Орусиянын тергөө комитети билдиргендей, Малгобек шаарындагы жардыруу боюнча тергөө башталды. Комитеттин билдиришинче, жети тартип коргоочу кечээки атышууда окко учкан Илезир Кориговдун үйүнө көңүл айтып барышканда жан кечти өзүн жардырды. Кол салууда дагы бир нече киши жараат алды.
Бийликтердин билдиришинче, жанкчетинин бомбасы шрапнелден, же майда жардыргычтардан турган. Ал эми коңшулаш Дагестанда кечээ шийит мусулмандарынын мечитине бет кап кийген куралчандар кирип келип, сегиз кишини жарадар кылышкан эле. Кечээ кечинде момун мусулмандар Орозо айтты белгилеп жатканда кол салган куралчандар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.