Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Аба ырайы


20-21-август күндөрү күн катуу ысып, кар жана мөңгүлөрдүн эришинен улам өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал.

21-августта Кыргызстанда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37 градус; Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35 градус; Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…29 градус; Нарын облусунда түнкүсүн +9…14, күндүз +25…+30 градус.

Бишкекте 21-августта күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн +18... +20, күндүз +35... +37 градус болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 19-августта күндүз 23, ал эми 20-августта эртең менен 22 градус жылуу болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG