Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Өкмөт башчы Баткенде Өзбекстан талашып жаткан аймактарды кыдырат


Мындай маалыматты Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн (Баткен облустук акимчилигинен) маалымдашты. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү аймагын кыдырат. Иш сапары учурунда Бүргөндү айыл округунда курулуп жаткан мектептин имараты менен таанышат. Андан кийин Бүргөндү аймагында бир топ жылдан бери Өзбекстан нефти өндүрүп жаткан аймакта да болот.

Бүргөндү аймагында Өзбекстан өткөн кылымдан бери мунай өндүрүп, газ камалоочу жай катары 1,5 миң гектер жерди иштетип келет. Жергилктүү бийлик Өзбекстан аталган аймакты иштеткени үчүн жер салыгынан эле карызы 700 млн сомго жеткенин, 1935-жылкы жер каттоодо бул жер Кыргызстандыкы экени такталганын айтып келет, Өзбекстан болсо бул аймакты талаш катары эсептеп, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине нота да жөнөткөнү айтылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG