Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Тоолуу Бадахшанда эркектер аскер комиссариатына чакыртылууда


45 жашка чейинки эркектер аскер комиссариаттарына өзүлөрү жөнүндө маалымат бериш үчүн чакыртылып жатканын “Азаттык” радиосунун тажик кызматына жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Алардын айтымында, аскер комиссариатында кайра катталууга милдеттендирилгендер мурда совет же тажик армиясынын катарында десанттык бөлүктө же снайпер катары кызмат өтөгөндөр.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда өткөн айда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин жергиликтүү башчысы киши колдуу болгондон кийин өкмөттүк күчтөр менен согушкерлердин кагылышынан 70тей киши каза тапкан.

Тажикстандын Коргоо министрлиги бүгүн Тоолуу Бадахшанда 45 жашка чейинки эркектер аскер комиссариатына чакырылганын ырастады, бирок бул буйрук жакындагы кагылыштарга байланышы бардыгын төгүндөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG