Мындай чечимди БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн аптада кабыл алган. Сирияда 300дөй аскерий байкоочу Улуттар уюму менен Араб лигасынын мурдагы чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планынын алкагында, өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар ортосунда ок атышуунун токтошуна көзөмөл салуу үчүн жайгаштырылган болчу.
Бирок ок атышуу токтогон жок. Кофи Аннан болсо кыянатчылыктардын күчөшүнөн жана Сириядагы кризисти жөнгө салуунун жолдору боюнча дүйнө державалары ортосундагы пикир келишпестиктерден улам милдетин аткаруусу мүмкүн эместигин айтып, өткөн айда кызматынан чегинген.
Апта соңунда Аннандын ордуна чабармандыкка дайындалган алжирлик ардагер дипломат Лахдар Брахиминин айтымында, азыр анын милдети - Сириядагы жарандык согушту алдын алуу эмес, токтотуу.
Активисттердин ырастоосунда,17 ай мурда режимге каршы толкундоо башталгандан бери Сирияда 20 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. (UE)