Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Украин Жогорку соту экс-премьер-министрТимошенконун доо арызын карайт


Украинанын Жогорку атайын соту Юлия Тимошенконун адвокаттарынын доо аразын карап, чечим чыгаруусу мүмкүн. Соттор коллегиясы 16-августта арызды карап баштаган. Харьковдогу ооруканада жаткан Тимошенко өзү соттук жыйынга катыша алган жок.

Экс-премьер-министрдин адвокаттары жогорку соттук мекемеден буга чейин Киевдин Печерск райондук сотунун Тимошенкону 7 жылга абакка кескен чечимин өзгөртүүнү өтүнгөн. Жогорку соттун өкүмүн Европадагы Адам укуктары боюнча гана сотко арызданууга болот.

Эгерде бүгүн сот Тимошенкого райондук сот чыгарган өкүмдү бузса, анда экс-премьер эркиндикке чыгуусу мүмкүн. Ага каршы козголгон башка иштерде абакка кармоо чарасы каралбайт.

XS
SM
MD
LG