Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Сириянын Алеппо шаарында жапон журналист набыт болду


Британияда жайгашкан укук коргоочу активисттер Сириянын батышындагы Алеппо шаарында жапониялык аял журналист өлүп, дагы 3 журналист дайынсыз экендигин билдиришти. Сириядагы адам укуктарына көз салуу уюму жапон журналис дүйшөмбүдө Сулеймания районунда өкмөттүк армия менен козголоңчулардын кармашында өлгөн. Улуттар Уюмунун маалымат кызматында иштеген түркиялык, ливандык жана араб журналисттер Алепподо дайынсыз экенин аталган уюм билдирет. Интернеттеги YouTube булагындагы тасмада жапон журналисттин сөөгү ооруканага жиберилгенин көрүүгө болот. Азырынча бул маалыматтар расмий тастыктала элек.

XS
SM
MD
LG