Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Бишкекте “Тарых агымдары” деген көргөзмө ачылат


Казакстандын Улуттук көркөм өнөр музейинин корундагы сүрөттөр Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине коюлат. Анда белгилүү казак сүрөтчүлөрдүн XX кылымдын ортосунан азыркы кезге чейин тарткан ар кайсы жанрдагы 40тан ашуун эмгеги коюлат. Бул көргөзмө Бишкекте өтүп жаткан Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулууда. Иш-чара 4-сентябрга чейин уланат.

Буга чейин Кыргызстанда казак кинолорунун жумалагы өткөн. Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгына арналган Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү 22-сентябрга чейин уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG