Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:40

Президент Назарбаев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет


Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен бүгүн Кыргызстанга Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келет. Эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусунда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, айыл-чарба жана маданий байланыштар боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Бир катар документтеге кол коюлат.

Кыргызстан-Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери казак президентинин алгачкы мамлекеттик сапары болот.

23-августта Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өтөт. Ага Азербайжан, Түркмөнстандын президенттери келээри айтылууда. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG