Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Чек арадагы окуя боюнча сурак башталды


Ысык-Көл облусунда чек ара бекетте болгон кечээ күнкү кандуу окуя боюнча күбөлөр сурак бере баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" аскер прокурорунун орун басары Нуркамал Набиев билдирди. Анын айтымында, окуяга күбө болгон үч чек арачы жана башкалар суралат.

Баш прокуратуранын маалыматына караганда, кылмыш иш Кыргызстандын кылмыш кодекесинин адам өлтүрүү, унаа тартып алуу, курал уурдоо жана аскерден качып кетүү деген төрт беренеси боюнча козголду.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кечээ Ысык-Көл облусунда төрт чек арачыны жана алардын биринин жубайын өлтүрдү деп шектелген аскер Кулбарак уулу Балбайды колго түшүрүү боюнча атайын операция бүгүн таңга жуук аяктады. Кулбарак уулу Балбай Ак-Суу районунун Ай-Таш капчыгайында жашынып жаткан жеринен табылган. Бирок куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн ал ошол жерден атып өлтүрүлгөнү айтылууда.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде болгон кечээки окуя боюнча кылмыш ишти Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы козгоп, тергей баштады. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG