Ушу тапта Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш жеринде, Баткен облусунун Боз-Адыр айылында жүздөй киши - жергиликтүү тургун чогулуп турат. Бул тууралуу кабарчыбыз Жеңиш Айдаров кабарлайт. Анын айтымында, бозадырлыктар Кыргызстандын аймагына өзбек чек арачыларынын бекети бир чакырымдай өтүп кетти деп нааразы болууда. Өткөн аптада өзбек чек арачылары ошол жерге вагон коюп, таштарды чогулта баштаган. Бирок бүгүн эл чогулуп барганда ал жерде эч ким жок болуп чыкты. Бозадырлыктар эгер коңшу өлкөнүн чек арачылары бул жерге бекет ачса, анда мурдатан Кыргызстандыкы деп эсептелип келген Кара-Чоку жайыты өзбек тарапка калып калышы ыктымал деп кооптонууда.
Чогулган эл менен жолуккан Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү ал жер азырынча талаш экенин, эки тараптуу паритеттүү комиссияда такталып жатканын билдирди. (JsA/RK)
Чогулган эл менен жолуккан Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү ал жер азырынча талаш экенин, эки тараптуу паритеттүү комиссияда такталып жатканын билдирди. (JsA/RK)