Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн Коргонуу кеңешинин катчылыгы, баш прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Атамбаев чек арачылардын өлүмүнө алып келген окуя үчүн Чек ара кызматынын жетекчилигин айыптады.
"Кызматын өтөп жаткан аскерлер арасында жалпы маанайды жакшыртуу үчүн Чек ара кызматынын жетекчилиги жетиштүү чара көрбөгөнү анык болууда", - деди президент.
Атамбаев ошондой эле мындай окуялар адамды гана азапка салбастан, Кыргызстандын жалпы улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратааарын айтты.
Кечээ Ысык-Көл облусундагы Эңилчек чек ара бөлүгүнүн Эчкили-Таш бекетинде төрт чек арачы жана биринин жубайы өлтүрүлгөн. Аларды атып качып кетти деп шектелген ошол эле бекетте кызмат өтөгөн Кулбарак уулу Балбайды колго түшүрүү боюнча атайын операция бүгүн таңга жуук аяктады. Кулбарак уулу Балбай Ак-Суу районунун Ай-Таш капчыгайында жашынып жаткан жеринен табылган. Бирок куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн ал ошол жерден атып өлтүрүлгөнү айтылууда.
Кулбарак уулу Балбай 1993-жылы туулган. Аскерге былтыр күзүндө чакырылган. (RK)