Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

"Ар-Намыс" коалициянын тагдырын талкуулоодо


Ушу тапта Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясы жыйын куруп, парламенттеги башкаруучу коалициянын мындан аркы тагдыры боюнча маселени талкуулап жатат.

Бүгүн эртең мененки жыйынында "Ата Мекен" фракциясы башкаруучу көпчүлүктөн чыгуу ниетин билдирген. Көпчүлүк депутаттар коалициядан чыгуу керек деген пикирин айткан. Бул маселе фракциянын эртең өтө турган жыйынында дагы бир талкууланмай болду.

"Ар-Намыс", "Ата Мекен", "Республика" жана Социал-демократтар фракцияларынан турган башкаруучу коалиция былтыр 16-декабрда түзүлгөн. Ал түзгөн өкмөттүн башчысы болуп республикачы Өмүрбек Бабанов тандалган. Бирок 13-августта “Ата Мекен”, “Ар-Намыс” фракциялары өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин колдоп чыкты. 14-августта Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча эки фракциянын чечимин колдоого алганын билдирди. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG