Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

АКШ Ассанжды айыптады


WikiLeaks тин негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын АКШда аны сот жообуна тартуу ниети бар экендигин айткан билдирүүсүн АКШнын президенттик администрациясы четке какты. АКШ бийлиги Жулиан Ассанж муну менен Швецияда өзүнө сексуалдык кылмышы үчүн коюлган айыптарды көз жаздымда калтыргысы келип жатканын билдирди. АКШнын мамлекеттик департаменти Ассанждын иши АКШ же WikiLeaks сайты тарабынан жарыяланган америкалык жашыруун материалдар менен эч кандай байланышы жок экендигин айтты. Департаменттин өкүлү Виктория Нуланд Эквадордун өкмөтүн Ассанжга саясий башпаанек бергендиги үчүн сындады.

Дем алыш күнү Жулиан Ассанж Лондондогу Эквадордун элчилигинин балконуна чыгып, өзүнүн тарапкерлерине кайрылган. Эки айдан бери элчиликте жүргөн Ассанж АКШ президенти Барак Обаманы WikiLeaks жана башка массалык маалымат каражаттарына карата куугунтуктарды токтотууга жана саясий мүнөздө соттолду делген адамдарды камактан бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG