Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясы "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевди айыптаган билдирүү таратты. Анда өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн парламентте кезексиз жыйын чакыруу аракети ишке ашпай калгандыктан "Ата Мекен" фракциясынын айрым депутаттары премьер-министр Өмүрбек Бабановду каралоо кампаниясын баштаганы айтылат.
"Мунун баары Өмүрбек Текебаевдин апрел окуясындагы талап-тоноолор боюнча маселеден коомчулуктун көңүлүн башкага буруп, алаксытуу аракети. Кандай болгон күндө да "Республика" бул чуулгандуу окуянын күнөөкөрлөрүн жазалоого жетишет", - деп айтылат билдирүүдө.
Жакында "Ата Мекен" фракциясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, бүгүн коалициядан чыгуу ниетин билдирди. Аталган фракция "Республиканын" лидери Өмүрбек Бабановду кескин сындап келет. (RK)