Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

“Ата-Мекен” коалициядан чыгуу маселесин талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясы башкаруучу көпчүлүктөн чыгуу маселесин талкуулайт. 21-августта фракция жыйынында бир топ депутаттар коалициядан чыгуу жөнүндө пикирлерин билдирген. Ушул эле күнү башкаруучу көпчүлүккө кирген “Ар-Намыс” фракциясы коалициядан чыгуу чечимин кабыл алган. Президенттин парламенттеги өкүлү, юрист Данияр Нарымбаев мыйзам боюнча эгер эки фракция башкаруучу көпчүлүктөн чыкса, анда коалиция тарады деп эсептелерин “Азаттыкка” билдирди.

"Ар-Намыс", "Ата Мекен", "Республика" жана Социал-демократтар фракцияларынан турган башкаруучу коалиция былтыр 16-декабрда түзүлгөн. Коалициялык өкмөттүн башчысы болуп Өмүрбек Бабанов тандалган.

13-августта “Ата Мекен”, “Ар-Намыс” фракциялары өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин колдоп чыкты. 14-августта Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча эки фракциянын чечимин колдоого алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG