Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:21

Чек ара кызматы: Тажикстан жарандары токмоктолгон эмес


Тажикстандын Кыргызстандын ичндеги Ворух анклавынын тургуну Исфандиёр Сангинов “Азаттыктын” тажик кызматына кайрылып, 20-август күнү 8 адамды кыргызстандык чек арачылар сабаганын билдирген. Анын айтымында, чек арачылар алгач доукмент сурап, бирок жооп боло электе эле сабап киришкен. Ошондой эле кармалгандар түнү менен сабалып, экөөнүн жаагы сынып ооруканага жатып калганы кабарланган.

Кыргызстандын чек ара кызматы 20-августта алты тажикстандык жаран Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөнүн тастыктап, бирок аларды уруп-согуу болбогонун “Азаттыкка” кабарлады.

Биринчиден, бул чагымчылдык. Тажикстандын алты жараны Табыштандык деген жерден мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалган. Алар чек ара тозотуна алынып келинип, керектүү документтер толтурулган соң Ворух анклавынын ичиндеги Чор-Чынар тозотунун зардалына өткөрүп бергенбиз. Алар эки саатка гана кармалган. Эч кимди уруп, тоногон фактылар жок”, - деди чек ара кызматынын атын атагысы келбеген кызматкери. (КЕ)

XS
SM
MD
LG