Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Траян Бэсеску Румыниянын президенттик милдетин арткарууга киришет


Шейшембиде Румыниянын Конституциялык соту президент Траян Бэсескуну кызматтан четтетүү жөнүндө референдумдун жыйынтыктарын жараксыз деп тапты.

Конституциялык соттун бул чечими боюнча убактылуу президент Крин Антонеску менен премьер-министр Виктор Понта биргелешкен билдирүү менен чыкты. Алар Конституциялык соттун чечими урматталаарын, бирок ошол эле учурда саясий режимди өзгөртүүнү жактап добуш берген элдин каалоосу эске алынбайбы деген суроону коюшту.

Румыниядагы башкаруучу коалиция Бэсескуну кызматтан кетирүү тууралуу референдум өткөргөн. Ага румындардын 46,2 % гана катышып, референдум болгон жок деп табылган. Ал эми премьер Понтынын жактоочулары рефрендумдун жыйынтыгын жарактуу деп табууну талап кылат.

Бэсеску президенттикке 5 жылдык мөөнөт менен 2009-жылы келген. Бул анын 2-президенттик мөөнөтү.

XS
SM
MD
LG