Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларустун Баш прокуратурасына нааразылык айтып, аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисине тиешелүү кат тапшырды.
Бир нече күн мурда интернетте Кыргызстанда өзгөчө оор кылмыш жасады деп издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевдин Беларустун борбор шаарынын көчөлөрүнүн биринде ээн-эркин басып жүргөн сүрөттөрү чыккан.
Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларуска кайрылып, Жаныш Бакиевдин Кыргызстанга өткөрүлүп беришин сураган. Бирок беларус тарап "Жаныш Бакиев саясый куугунтукка кептелди" деген жообун берген.
Кыргыз тарап белорус Баш прокуратурасынын мындай жообуна нааразылык билдирип, Беларус ушундай учурда эки өлкөнүн ортосундагы укуктук жардам көрсөтүү тууралуу Конвенцияны аткарбай жатат деп айыптады.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев 2010-жылдын апрелинде Бишкекте бийликке каршы митингге чыккан токсондой адамдын атып өлтүрүлүшү боюнча айыптуу деп издөөдө жүрөт. Аны Интерпол да издеп жатат.
Жаныш Бакиев өзүн күнөөлүү эмесмин деп эсептейт. Апрел окуясынан кийин журналисттерге интервьюсунда ал Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы катары мыйзамдуу гана аракеттерге барганын айткан болчу. (RK)