Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:48

Бишкекке казак президенти келди


Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары башталды. "Манас" аэропортунан аны кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өзү тосуп алды. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында эки мамлекеттин башчылары алгач экөө өзүнчө сүйлөшкөндөн кийин кеңейтилген форматтагы жолугушуу башталат. Кыргыз-казак жогорку мамлекет аралык кеңештин үчүнчү жыйыны өтөт. Ага казак президентин коштоп келген расмий делегация мүчөлөрү жана кыргыз министр, мекеме жетекчилери катышат. Жыйындын соңунда биргелешкен документтерге кол коюлат. Назарбаев Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн ачылышына да катышат. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG