Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Өлтүрүлгөн чек арачыларды жерге берүү зыйнаты өтүүдө


Бүгүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда чек ара бекетинде өлтүрүлгөн аскер кызматкерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Суу районунун акиминин орун басары Данияр Арпачиев билдирди. Анын айтымында, Саадатбек Токтосунов Чолпон айылына, Бакыт Кадыров жана Нуриза Шерикбаева Отуз-Уул айылына жана Ырысбек Калманбетов Каракол айылына коюлду.

Ал эми чек ара бекетинин башчысы Мирлан Маликов Нарын облусунан болгондуктан анын сөөгүн Нарынга алып кетишти.

20-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде төрт чек арачы жана алардын биринин жубайы атып өлтүрүлгөн. Аларды өлтүрдү деп шектелген аскер Кулбарак уулу Балбай 21-августта Ай-Таш капчыгайында жашынып жаткан жеринен табылган. Бирок куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн ал ошол жерден атып өлтүрүлгөнү айтылууда.

Окуя боюнча кылмыш ишти Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Баш прокуратуранын маалыматына караганда, кылмыш иш Кыргызстандын кылмыш кодекесинин адам өлтүрүү, унаа тартып алуу, курал уурдоо жана аскерден качып кетүү деген төрт беренеси боюнча козголду.

Кулбарак уулу Балбай 1993-жылы туулган. Аскерге былтыр күзүндө чакырылган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG