Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Грекия экономиканы реформалоого убакыт сурады


Грекиянын премьер-министри Антонис Самарас бюджеттик чыгымдарды кыскартып, экономиканы радикалдуу реформалаганга мерчемделгенден көп убакыт сурады. Шаршемби күнү Германиянын “Бильд” басылмасына жарыяланган интервьюда Самарас экономиканы жандандырып, кирешенү көбөйтүү үчүн “өргүп, тыныгып алуу зарыл” дейт. Грек өкмөтү Евромейкиндик алдындагы милдеттенмесине ылайык, эки жыл ичинде бюджеттик чыгымдарды 11,5 миллион еврого кыскарта аларын көрсөтүүгө тийиш. Бул сентябрда Грекияга берилчү 31,5 миллиард долларлык кезектеги насыянын шарты. Шарт аткарылбаса, Самарастын өкмөтү бюджеттик мекеме-ишканаларга маяналарын жана чыгымдарын төлөй албай калат.

XS
SM
MD
LG