Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

"Ата Мекен": Бабанов өкмөттү убактылуу башкаруудан да кетсин


Өмүрбек Бабанов өкмөттү мындан ары башкарууга татыксыз, андыктан премьер-министрдин милдетин аткаруудан да четтетилиши керек. Мындай билдирүүнү бүгүн парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы таратты. Анда Бабановдун өкмөтү тушунда өлкөдө экономикалык проблемалар күчөгөнү, реформа токтоп калганы жана президент жарыялаган коррупцияга каршы күрөш андан ары жылбай калганы айтылат.

Бүгүн Кыргызстанда Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке тандаган башкаруучу коалиция тараганы анык болду. Мыйзам боюнча эми өкмөт да тарашы керек, бирок жаңы өкмөт келгенче азыркы убактылуу иштеп турушу керек.

Өмүрбек Бабанов соңку саясый кырдаал боюнча азырынча өз пикирин айта элек. (RK)

XS
SM
MD
LG