Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Путинге “каршы кутумчу” Грузиядан калканч издөөдө


Президент Владимир Путинге каршы кутум уюштурган деп шектелген Адам Осмаев Грузиядан саясый баш паанек издөөдө. Мындай билдирүүнү Осмаевдин аялы Амина Украин телевидениесине шаршемби күнү жасады. Ал эгер Грузия баш паанек бербесе, күйөөсү Финляндига кайрылышы мүмкүн деди.

Теги чечен Адам Осмаев февралда Украинанын Одесса шаарындагы батирде колдо жасалган бомба жарылып, бир адам өлүп, экинчиси жарадар болгондо кармалган. Москва Украинадан Осмаевди өткөрүп берүүнү талап кылган. Украин тараптын шаршемби күнү маалымдашынча, Осмаевди экстрадициялоо жараяны Адам укуктары боюнча Европа сотунун талабы боюнча токтотулган. Осмаев Путинге кол салмак болгон экен деген кабар Орусиядагы 4-март күнкү президенттик шайлоо алдында пайда болгон.

XS
SM
MD
LG