Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Бишкекте түрк тилдүү өлкө башчыларынын саммити өтөт


Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин экинчи саммити өтөт. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз, маалымат жана маданият бөлүмүнүн жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун “Азаттыкка” айтымында, саммитке казак президенти Нурсултан Назарабев, Түркия президенти Абдулла Гүл жана Азербайжан премьер-министри Артур Расизаде катышат. Ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстанга чакыруу жиберилгени менен жооп болгон эмес.

Маалыматка караганда, Бишкек саммитинде түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда интеграцияны тездетүү, экономика, илим, билим берүү багыттарында кызматташууларды өнүктүрүү маселелери каралат. Андан сырткары түрк тилдүү мамлекеттердин корун жана университетин түзүү боюнча Кыргызстандын демилгеси талкууланат. Ушул эле күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Түрк дүйнөсүнүн биримдиги: тил, тарых жана маданият” аттуу симпозиум өтөт.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин негизинде түзүлгөн. Жаңы уюмдун алгачкы саммити былтыр Алматыда өткөн. (KЕ)

XS
SM
MD
LG