Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Ошто өспүрүмдөрдү түрмөдөн сактап калуу маселеси талкууланат


Бүгүн Ошто ювеналдык юстиция, башкача айтканда жашы жете элек өспүрүмдөрдү кылмыш жообуна тартууну жумшартуу маселеси талкууланат. Уюштуручулардын бири Николай Ярмутарийдин “Азаттыкка” айтымында, талкууга күч түзүмдөрүнүн, соттун, прокуратура, акыйкатчы институтунун кызматкерлери, социалдык коргоо башкармалыгы, аксакалдар кеңеши жана шаар бийлигинин өкүлдөрү катышат.

Ювеналдык юстициянын максаты - кылмыш жасаган өспүрүмдү абактан сактап калуу. Бул үчүн өспүрүм күнөөсүн моюнуна алып, жабыркаган тараптан кечирим сурашы керек. Ортомчулук кызматты атайын даярдыктан өткөн медиаторлор көрсөтүшөт. Мыйзамды бузган өспүрүмдү түрмөгө жеткирбей алып калуу маанилүү экендигин адистер айтып келишет. Кыргызстанда медиаторлор боюнча мыйзам азырынча кабыл алына элек. Маалыматтарга караганда, жашы жете электердин түрмөсүнө жатып чыккан балдардын 90 пайызы кайра эле кылмыш жасап, абакка барат. (KЕ)

XS
SM
MD
LG