Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Коалиция түзүү макамы кимге берилери талкуулана элек


Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун “Азаттыкка” айтымында, Парламенттеги коалициянын тараганы боюнча документ президенттин аппаратына келип түштү. “Президент документти карап, таанышып чыккандан кийин үч күндүн ичинде бир фракцияга коалиция түзүү тапшырмасын берет. Азырынча мындай макам кимге берилери талкуулана элек”, – деди Ниязов.

Кечээ, 22-августта “Биримдик” коалициясы өз ишин токтотконун коалициянын башчысы, "Республика" фракциясынын депутаты Канатбек Исаев жарыялады. Былтыр декабрда "Ата Мекен", "Ар-Намыс", "Республика" жана Социал-демократтар фракциялары биригип түзгөн коалициядан эки күн мурда "Ар-Намыс", "Ата Мекен" чыгып кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG