Бишкек саммитине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Абдулла Гүл, Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Расизаде жана Түркмөнстандын Илимдер академиясынын президенти Гурбанмырат Мезилов катышууда. Кабарчыбыздын маалымдашынча, учурда тар чөйрөдө жолугушуу аяктады. Андан кийин кеңири форматта сүйлөшүү өтөт. Соңунда биргелешкен документтерге кол коюлуп, чогуу билдирүү жасалат. (EBM)