Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Жаныш Бакиев менен чогуу сүрөттө тургандар аныкталды


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Белорустун Минск шаарында Жаныш Бакиев менен чогуу сүрөттө турган эки адам аныкталганын билдирди. Ага ылайык, алардын бири Жаныш Бакиевдин курсташы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Тахир Рысалиев, экинчиси мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын досу Рустам Сайдуев. Экөө тең Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу издөөдө жүргөн.

Белорустагы “Чындыкты сүйлө” коомдук уюмунун мүчөсү Михаил Пашкевич Facebook баракчасына 20-августта Жаныш Бакиевдин сүрөттөрүн жарыялаган. Пашкевич “Азаттыктагы” маегинде Жаныш Бакиевди жанындагы эки киши менен Минск шаарынын чок ортосундагы “Грюнвальд” деген кафеден кокусунан көрүп, уюкфонуна сүрөткө тартып алганын айткан.

Ушундан улам Кыргызстан Беларустун Тышкы иштер министрлигине эл аралык издөөдө жүргөн Жаныш Бакиев боюнча нота жөнөткөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG