Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

"Манас" университетинин уставы өзгөрдү


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркия президенти Абдулла Гүл менен 3 документке кол койду. Алар: эки президенттин биргелешкен билдирүүсү жана маңзатка каршы чогуу күрөшүү, кыргыз-түрк "Манас" университети тууралуу макулдашуулар. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин билдиришинче, үчүнчү документке ылайык, университеттин уставы, башкаруусу жана каржылоо боюнча өзгөртүүлөр кирди. Министр кандай конкреттүү өзгөртүүлөр болгонун толук айткан жок.

Былтыр сентябрь айында "Манас" унвиерситетиндеги ректорлук парламентте сөз болгон эле. Аталган окуу жайдын буга чейин Кыргызстан тараптан шайланып келген башчысынын бул ирээт Түркия тараптан дайындалышынын мыйзамдуулугу талаш жараткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG