Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:17

“Ата-Журт” саясий кырдаал боюнча качан жыйналары белгисиз


Бул тууралуу партиянын төрагасы Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Ата-Журт” коалиция тууралуу сүйлөшүүлөргө катышат, бирок өздөрүнүн шарттары эске алынганда гана көпчүлүккө кошулат.

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн башчысы Канатбек Исаев 22-агустта “Биримдик” коалициясы ишин токтотконун маалымдаган. Буга “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын чыгып кетиши себеп болгон.

“Биримдик” былтыр парламенттеги “Республика”, Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынан куралган. Парламентте эң көп орундуу “Ата-Журт” оппозицияда калган. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG