Сириянын химиялык куралдарды колдонуусу же андай куралдар колдонулат деп коркутуусуна “такыр ынанып болбойт”, деди британ премьер-министри Дэвид Кэмерон. Мындай эскертүүнү АКШ президенти Барак Обама да жасаган.
Кэмерондун кеңсеси ошондой эле Британия, Франция жана АКШ Сириядагы оппозициячыл күчтөрдүн президент Башар Асаддын режимине каршы 17 айдан бери жүрүп жаткан күрөшүн колдоонун жолдорун талкуулашканын билдирди.
Мурдараак Орусиянын тышкы иштер министрлиги Батыш мамлекеттерин Сирия оппозициясын Асадга каршы куралданууга ачыктан ачык көкүтүүдө деп күнөөлөгөн. БУУнун Башкатчысынын саясый маселелер боюнча орун басары Жеффри Фелтман Ирандын Сирияны курал менен камсыздоосу - Иранга каруу-жарак сатууга тыйуу салган БУУнун резолюциясын түздөн-түз бузуу экенин билдирди.
Танктар коштогон Сирия армиясы өлкө байтакты Дамаскинин эки районуна урган соккуда кеминде 35 козголоңчу катардан чыгарылганы кабарланды. Согуш өлкөнүн ири шаарларынын бири - Алепподо да жүрүүдө.