Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

УКМК “Ата Мекендин" депутаттарын да суракка алат


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылы апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук фактыларын тергеп-иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөнүн билдирди. Аталган комитеттин маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, анын алдында Башкы прокуратура 4 берене боюнча кылмыш иш козгогон. Тергөөгө байланыштуу Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев, депутаттары Райкан Төлөгөнов, Болот Шер жана баш прокурордун күйөөсү Бакыт Абдыкапаров суракка чакырылат.

Бишкектеги №1 тергөө абагында талап-тоноочулук боюнча шектелип камакта отурган Абдулла Юсупов жогоруда аты аталган адамдардын көрсөтмөсү менен мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык үй-мүлктү, буюм-тайымды тоногонун айтып чыккан. “Ата Мекендин” депутаттары анын айткандарын төгүнгө чыгарууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG